​Роналдунун акылын кайсы айым алды?

​Роналдунун акылын кайсы айым алды?
17-Апр. 2018, Шейшемби, 12:15

«Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду мурдагы ашыгы Ирина Шейкти унуталбай жүрөт. Бул тууралуу атактуу футболчу досуна айткандыгын “The Sun” гезити жар салды. Маалыматка ылайык Криштиану Роналду мурдагы ашыгы менен болгон мамилеси үзүлгөндүгүнө абдан өкүнөт.

“Роналду баардыгы ушундай аяктап калганы үчүн абдан өкүнөт. Ал азыркыга чейин эле Ирина Шейктин жашоосуна кызыгып, сурап турат. Роналду ашыгы капыстан эле кетип калаарын ойлогон да эмес”,- деп билдирген досу.

Эсиңиздерге сала кетсек, Роналду менен Шейк беш жылдык мамиледен кийин, 3 жыл мурун айрылышкан. Андан кийин орусиялык модель Брэдли Купер менен мамиледе болуп, кыз төрөп берген.

Ал эми португалиялык футболчу 2016-жылдан бери испаниялык модел Джорджино Родригес менен жашоодо жана 2017-жылы бир кыздуу болушкан.

Ал эм и«Спорт-Экспресс» басылмасы «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун ушуга чейинки ашыктарын тизмелеп көргөн.

Жордана ЖАРДЕЛ

Бразилиялык футболчу Марио Жарделанын карындашы 2002-жылы Роналдунун расмий сүйгөнү катарында эл алдына чыккан. Мамилелери бир жылга чейин созулган.

Джемма АТКИНСОН

Британиянын атактуу модель жана актриса, 2007-жылдары Роналду менен мамиледе болгон.

Диана ЧАВЕС

Португалиялык актриса жана фотомодель Роналду менен 2006-жылдан 2015-жылга чейин бирге болушкан. Кийин футболчу Ирина Шейкке кетип калганы айтылууда.

Рафаэлла ФИКО

Италиянын атактуу модели, 2009-жылдары Роналду менен 6 айдай мамиледе болгон.

Мерше РОМЕРО

Португалиялык модель жана жергиликтүү ТВ каналынын алып баруучусу, 2006-жылдары чогуу болушкан.

Карина БАЧЧИ

Бразилиянын атактуу модели 2010-жылдары атактуу футболчунун коштоп жүргөн.

Никки ГАЗИАН

Америкалык модель 2008-жылдары Криштиану Роналду менен мамиле түзгөн.

Элис ГУДВИН

Британиялык модель жана Ливерпуль "футбол командасынын жарым коргоочусу Джермейн Пеннантанын мурдагы жубайы. 2009-жылдары Роналду менен катуу роман жашашкан.

Пэрис ХИЛТОН

2009 –жылы Роналду менен америкалык актриса, ырчы жана модел Пэрис Хилтондун романдарын дээрлик батыштын бардык ЖМК жазып чыгышкан.

Ирина ШЕЙК

Орусиялык модел жана актриса Ирина Шейк менен болгон мамилеси эң узун болуп, 2010-2015-жылдары жалпынын көзүндө болушкан.

Джорджина РОДРИГЕС

Испаниялык модель Джорджиной Родригес менен Криштиану 2016-жылдын ноябрь айынын бери бирге экөөнун ортосунда бир кызы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!