​Велосипедчендер жапырт жыгылды

​Велосипедчендер жапырт жыгылды
17-Апр. 2018, Шейшемби, 11:09

Голландияда өткөн "Тур Фландрия" веложарышында элүүгө жакын спортчулар бири-бирине урунуп, жапырт жыгылышты. “Еuronews” сайтынын маалыматына караганда маарага 60 чакырымдай калганда велосипедчендер жапырт жыгылды. Ага алдыңкы катардагылар бири-бири менен сүзүшүп, жыгылгандан кийин артындагылар кошо кулашкан. Алардын арасында былтыркы жылдагы чемпиону Корин Ривера дагы бар болгон.

Ал эми "Тур Фландрия" веложарышында чемпиону Анна ван дер Брегген татыктуу болгон. Ал 153 чакырым жолду 4 саатта басып өткөн. Анын артынан 1-2 мүнөттөн кийин эле белгилүү спортчулар Эми ПитерсжанаАннемик Ван Флёйтен маарага жетип, кийинки орундарды алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!