Пеле: “Неймарга экинчи мүмкүнчүлүк берилди”

Пеле: “Неймарга экинчи мүмкүнчүлүк берилди”
17-Апр. 2018, Шейшемби, 13:39

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймарга дүйнө чемпионатында өзүн көрсөтүүгө экинчи шанс берилет. Бул тууралуу легендарлуу футболчу Пеле айтып чыккандыгын “Чемпионат” сайты жазды. Маалыматка ылайык Бразилиянын мурдагы атактуу футболчусу бразилиянын улуттук футбол командасынын капитаны Неймар тууралуу өз пикирин билдирген.

Футбол падышасы “Неймарга экинчи мүмкүнчүлүк берилип жатат. Ошондуктан мурдагыдай болбойт. Анда Неймар жарат алып, кокусунан Бразилиянын курама командасы жеңилип калган. Неймар бул жолу ышкыбоздоруна ким экендигин далилдейт” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!