Неймар операциядан кийин машыгууларын баштады

Неймар операциядан кийин машыгууларын баштады
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 15:09

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар операциядан кийин алгачкы машыгууларын баштады. Атактуу футболчу Париждеги “ПСЖ”футбол клубунун спорт базасында машыгууларын баштап, Франция чемпионатынан акыркы беттешүүлөрүнө катышмакчы.

Эсиңиздерге сала кетсек, Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, бутунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, Бразилияда операция жасаткан. Мурда футболчунун калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылган эле.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!