​"Ювентус" төртүнчү ирет Италия Кубогун жеңип алды

​
10-Май 2018, Бейшемби, 17:14

Рим шаарында футбол боюнча Италия Кубогунун финалы аяктады. Жыйынтыктоочу оюнда туриндик "Ювентус" жана "Милан" беттешти. Оюнда 4:0 эсебинде кайрадан "Ювентус" жеңишке жетишти.

Эки голду Мехди Бенатиа киргизди(56-64 мүнөттөр). Мындан тышкары 61 мүнөттө Дуглас Коста айырмаланды. Ал эми дагы бир голду кокустан “Миландын” чабуулчусу Никола Калинич 76 мүнөттө өз дарбазасына киргизип алды. Белгилей кетчү жагдай Мехди Бенатиа жана Дуглас Костанын голдору миландык дарбазачынын Жанлуки Доннарумынын жаңылыштыгы менен ишке ашты.

"Ювентус" Италия Кубогун төртүнчү ирет жеңишип, Италиянын футбол лидери экендигин дагы бир ирет тастыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!