​Роналду телесериалга продюсер болду

​Роналду телесериалга продюсер болду
11-Май 2018, Жума, 12:37

“Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду аялдардын футболу боюнча телесериалга продюсер болду. Бул тууралуу “Hollywood Reporter” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык сериалдагы окуялар Нью-Йорк штатында бир мектепте болот.

Атактуу футболчу “Мен бош убактымда мыкты телекөрсөтүүлөрдү көрүүнү жакшы көрөм. Сериалга аткаруучу продюсер болуу менен мага абдан жакшы тажрыйба алып келет” деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реал Мадрид» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Супер кубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын 4 жолку ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!