​19 жаштагы мушкер таң калтырууда (видео)

​19 жаштагы мушкер таң калтырууда (видео)
11-Май 2018, Жума, 14:15

19 жаштагы Жапониялык кикбоксчу Теншин Нацукава өзгөчө соккусу менен таң калтырууда. Ал өзүнүн жердеши Юсаку Накамуру менен болгон мелдеште өзгөчө соккулары менен нокдаун жыкты. "Советский спорт" басылмасынын маалыматына караганда кикбоксинг эрежелери боюнча RIZIN 10 мелдештери алкагында болгон. Биринчи раундда Юсаку Накамуру жыгылып баратып, каршылашын бетке тээп, кулатууга үлгүргөн. Ал эми экинчи раундда Нацукава техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен.


Теншин Нацукава эрежесиз эр урушка төрт жолу катышкан жана бир да жолу жеңилген эмес. Анын эсебинде жалпысынан 26 жеңиши бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!