Жарышчы автоунаасы менен сальто жасады (видео)

Жарышчы автоунаасы менен сальто жасады (видео)
11-Май 2018, Жума, 15:50

Бельгияда өткөн "6 саат " аттуу автожарышта орусиялык спортчу Матевос Исаакян 300 км/с ылдамдыкта унаасы чалкасынан түшүп, жолдон чыгып кеткен. Болуп көрбөгөн катуу кырсыктан спортчу аман-эсен кутулгандыгы кабарланды.


Катуу кырсыктын видеосу тартылып калган. "Спорт-экспресс" сайтынын маалыматына караганда жарышчы дарыгерлер тарабынан текшерилген. Бир канча жеринен жеңил жарат алгандыгы жана учурда абалы жакшы экендиги белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!