Нурмагомедов: 9-сентябрда рингге чыгам

Нурмагомедов: 9-сентябрда рингге чыгам
31-Май 2018, Бейшемби, 13:56

Орусиялык мушкер, UFCнын жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 9-сентябрда же 6-октябрда рингге чыгаарын жар салды.

Хабиб Нурмагомедов “Азырынча так күн белгилене элек. Менин оюмча 9-сентябрда же 6-октябрда рингге чыгам. Акыркы эки жума көңүлдүү өтөт. Анткени, UFC менен сүйлөшүүлөр башталат”,- деди.

Белгилей кетчү жагдай, Орусияда тарыхта биринчи жолу Москвада өтүүчү UFC мелдешине Хабиб Нурмагомедовдун катышып же катышпай тургандыгы да каралууда.

Мурда UFC жетекчиси Дана Уайт Орусияда өтө турган биринчи турнирде белгилүү орус мушкери Хабиб Нурмагомедов катышпай тургандыгын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!