Марадона ооруканага жатты.

Марадона ооруканага жатты.
7-Июнь 2018, Бейшемби, 02:50

Легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона Колумбияда ооруканага жатты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. 57 жашындагы футболчу 4-5 айдан бери кыйнап жаткан тизесинен операция жасатат. Марадона мындан 17 жыл мурун бутунан операция жасаган дарыгери Герман Очога кайрылган.

Герман Очо “ - Марадонага бутуна жалпы текшерүү жасалат. Биз анын кокустатып алган жерине тест кылгандан кийин жыйынтыктарына карап натыйжа чыгарабыз” деди

Диего Марадона Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпионаты болгон. Атактуу футболчу "Барселона", "Наполи", "Севилья" клубдары атынан да ойноп келген.ФИФА тарабынан XX кылымдын эң мыкты футболчусу тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!