​Футбол жылдыздары чемпионатта ким жеңээрин айтышты

​Футбол жылдыздары чемпионатта ким жеңээрин айтышты
7-Июнь 2018, Бейшемби, 12:21

Орусияда бүйүрдү кызыткан дүйнө футбол чемпионаттынын ачылышына саналуу эле күндөр калды. Быйылкы чемпионатта дүйнөнүн 32 командасы 64 матчта дүйнө биринчиликти талашат. Биз чемпионатта кайсы команда фаворит болоорун дүйнө футбол жылдыздарынын пикирлерин топтодук:

Роналдо Бразилиянын мурдагы чабуулчусу:

“Чемпионатта башкы фаворит Бразилия болот. Учурда биздин команда мыкты даярданды. Алар ачык,так жана абдан натыйжалуу ойношот. Кыскасы, менин фавориттерим Бразилия жана Испания. Ал эми эң мыкты футболчу - Неймар болот”,-деди Роналдо.

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси:

"Аргентина чемпионатта башкы атаандаш болот. Бизде олуттуу оюнчулар бар, алар бразилиялыктардан бир топ эле өөдө”,-деп билдирди Месси.

Аргентина курама командасынын мурдагы футболчусу Диего Марадона:

Марадона “Франциянын дагы мыкты командасы, Погба сыяктуу мыкты оюнчулары бар бирок алар фаворит боло албайт. Франция эгерде Риберини кайра алса, жакшы болмок. Менин оюмча чемпионатта Германия жана Испания жеңишке жетишет”,- деп айтты.

Футбол падышасы Пеле: Орусия жеңиши мүмкүн

Пеле “- Дүйнө чемпионун жеңип алууга көптөгөн футбол командалары татыктуу, алардын бири Орусия. Бирок Германияны дагы эстен чыгарбоо керек. Бардык эле командалар чемпион болгусу келет. Болгону футболдо эч нерсеге кепилдик берүүгө болбойт. Футбол – сюрприздерге толтура оюндун түрү” деп айткан.

Швеция курама командасынын мурдагы футболчусу жана "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович:

“-Мен Швеция курама командасынын чыктым. Ошондуктан ким жеңээрин айтуунун деле кереги жок. Бирок, мен чемпионатка көрүүчү катары барам. Сөзсүз Швеция жеңет. Златан жок мыкты оюн болмокчу” деди

Эл аралык статистикалык Opta компаниясы: Чемпионатта Бразилия жеңет.

Орусияда 2018-жылы өтө турган дүйнө футбол чемпионатынын фаворити Бразилия – алардын мүмкүнчүлүгү 14,2%. Алгачкы 5 команданын ичинде Германия 11,4%, Аргентина (10,9%), Франция (10,5%) жана Испания (9,3%).

Ал эми Орусиянын шансы 15-орунда 1,7%. Бул тизменин эң акыркында Марокко (0,5%) жер алды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады