​ДЧ-2018: Чемпионттын А группасы менен тааныштырабыз

​ДЧ-2018: Чемпионттын А группасы менен тааныштырабыз
9-Июнь 2018, Ишемби, 12:31

Футбол сүйүүчүлөрдүн суроолору менен Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионаттынын группаларын тааныштырууну баштайбыз. Адегенде “А” группасынын курамын сунуштайбыз:

“А” группасы: Орусия,Сауд Арабия, Египет жана Уругвай

УРУГВАЙ

Уругвая футбол ассоциациясы 1923-жылдан бери ФИФАнын мүчөсү.

Уругвай курама командасы эң көп наам алган командалардын бири. Алардын эсебинде эки жолу дүйнө чемпионаты,эки Олимпиада оюндары жеңиши,15 жолу Америка Кубогу жана дүйнө чемпионатынын Алтын кубогуна (1981) татыктуу болушкан.

Уругвай командасы 1920 -1950 - жылдары абдан атактуу болгон. Алар олимпиадалык мелдештерде (1924 жана 1928 - жылдары) удаасы менен алтын медал алышкан. Ал эми 1930-жылы ФИФАнын биринчи чемпионаты Уругвайда өткөрүлгөн. Андан кийин 1950-жылы Бразилияны жеңип, дүйнө чемпиону болушкан.

Уругвай матчтарында эң көп ойногон Максимильяно Перейра – 124 матч, ал эми эң мыкты чабуулчусу Луис Суарес (50 гол)

ФИФАнын 2018-жылындагы 15-февраль рейтинги боюнча Уругвай курама командасы 22 орунда турат.

Команданын башкы машыктыруучусу- Оскар Табарес, ал 2006-жылы 7-мартта кызматка келген. Учурдагы капитаны Диего Годин коргоочу.Мындан тышкары “ПСЖ” чабуулчу болгон Эдинсон Кавани жана «Барселона» форвардыЛуис Суарес башкы жылдыздары болуп саналат.

Уругвай командасынын курамы:

Башкы машыктыруучу: Оскар Табарес;

Дарбазачылар: Фернандо Муслера («Галатасарай», Түркия), Мартин Сильва («Васку да Гама», Бразилия), Мартин Кампанья («Индепендьенте», Аргентина);

Коргоочулар: Диего Годин, Хосе Хименес (экөө тең – «Атлетико», Испания), Себастьян Коатес («Спортинг», Португалия), Макси Перейра («Порту», Португалия), Гастон Сильва («Индепендьенте», Аргентина), Мартин Касерес («Лацио», Италия), Гильермо Варела («Пеньяроль»);

Жарым коргоочулар: Наитан Нандес («Бока Хуниорс», Аргентина), Лукас Торрейра («Сампдория», Италия), Матиас Весино («Интер», Италия), Родриго Бентанкур («Ювентус», Италия), Карлос Санчес, Хонатан Урретавискайя (экөө тең – «Монтеррей», Мексика), Джорджиан Де Арраскаэта («Крузейру», Бразилия), Диего Лаксальт («Дженоа», Италия), Кристиан Родригес («Пеньяроль»),

Чабуулчулар: Кристиан Стуани («Жирона», Испания), Макси Гомес («Сельта», Испания), Эдинсон Кавани («ПСЖ», Франция), Луис Суарес («Барселона», Испания).

ЕГИПЕТ

1928 –жылы Египет курама командасы олимпиадалык мелдеште жарым финалга чыккан жана ФИФА тарабынын футбол сүйүүчүлөр арасында чемпион нааман алган. Ал эми үчүнчү орунга болгон беттешүүдө 3:11 эсебинде Италияга жеңилген. 1934-жылы Египет курама командасы ФИФАнын дүйнө Кубогуна катышкан. Анда Венгриядан 2:4 эсебинде жеңилген. Экинчи жолу Египет дүйнө чемпионатына 1990-жылы катышкан. Үчүнчү жолу Египет дүйнө чемпионатына быйыл катышып отурат.

Египет курама командасынын лидериМухамед Салах.

Египет — африкалык улуттар Кубогун 1957, 1959, 1986, 1998, 2006, 2008, 2010 –жылдары татыктуу болгон. Африка Кубогун катары менен 3 жолу утуп алган.

Египет командасынын курамы:

Башкы машыктыруучусу: Эктор Купер;

Дарбазачылар: Эссам Эль-Хадари («Аль-Таавун», Сауд Аравия), Мохамед Эль-Шенави («Аль-Ахли»), Шериф Экрами («Аль-Ахли»);

Коргоочулар: Ахмед Фатхи, Самир Саад, Айман Ашраф (баардыгы – «Аль-Ахли»), Махмуд Хамди («Замалек»), Мохамед Абдель-Шафи («Аль-Фатах», Сауд Аравия), Ахмед Хегази, Али Габр (экөө тең – «Вест Бромвич», Англия), Ахмед Аль-Мухаммади («Астон Вилла», Англия), Омар Габер («Лос-Анджелес», АКШ);

Жарым коргоочулар: Тарек Хамед («Замалек»), Абдельразек Шикабала («Аль- Рияд»), Сэм Морси («Уиган», Англия), Мохамед Эль-Ненни («Арсенал», Англия), Махмуд Кахраба («Иттихад», Саудовская Аравия), Рамадан Собхи («Стоук Сити», Англия), Махмуд Хассан Трезеге («Касымпаша», Түркия), Амр Варда («Атромитос», Греция), Абдалла Саид (КуПС, Финляндия);

Чабуулчулар: Марван Мохсен («Аль-Ахли»), Мохамед Салах («Ливерпуль», Англия).

САУД АРАБИЯ

СаудАрабия курама командасын негизинен үч команда түп төп турат. Алар «Аль-Хиляль», «Аль-Иттихад», «Аль-Шабаб» - бул командалар арсындагы мыкты оюнчулар тандалган. Мындан тышкары арасында европалык жана азия чемпионаттарында ойногон футболчулар дагы бар.

Сауд Арабия курама командасынын күйөрмандарыаларды “Шумкарлар” деп аташат же азиялык бразилиялыктар дегендер да бар.

Курама команда 3 жолу Азия кубогун жеңип алган(1984, 1988 жана 1996)жана 3 жолу финал оюндарына катышкан.

Биринчи жолу алар 1987-жылы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда ойношкон.Бирок, 5 жолку аракеттен кийин алар 1994-жылы АКШ өткөн дүйнө чемпионатына жолдомо алган.

Кийин Сауд Арабия командасы 3 жолу дүйнө чемпионаты финалына чыгып бирок группадан чыга алышкан эмес.

Быйылкы жылы курама команда 6 жолу машыктыруучу беттешүүлөргө катышты. Адегенде Перудан 0:3, Италиядан 1:2, Белгиядан 0:4 эсебинде жеңилген. Ал эми Греция менен Алжирди окшош эсеп менен 2:0 жана Украинадан 1:1 эсебинде ойногон.

Сауд Арабия командасынын курамы:

Башкы машыктыруучусу: Хуан Антонио Пицци;

Дарбазачылар: Мохаммед Аль-Овайс («Аль-Ахли»), Яссер Аль-Мосайлем («Аль-Ахли»), Абдуллах Аль-Муайуф («Аль-Хиляль»);

Коргоочулар: Осама Хавсави, Ясир Аль-Шахрани, Мохаммед Аль-Бурайк, Али Аль-Болеахи (баардыгы – «Аль-Хиляль»), Мансур Аль-Харби, Мотаз Хавсави (экөө тең – «Аль-Ахли»), Омар Хавсави («Аль-Наср»);

Жарым коргоочу: Салман Аль-Фарадж, Абдуллах Атиф, Абдулмалек Аль-Хаибри (баардыгы – «Аль-Хиляль»), Салем Аль-Давсари («Вильярреал», Испания), Хаттан Бахебри, Хуссейн Аль-Могави, Абдулла Аль-Хайбари, Мохамед Кану (баардыгы – «Аль–Шабаб»), Яхья Аль-Шехри («Леганес», Испания), Тайсир Аль-Джассим («Аль-Ахли»);

Чабулчуулар: Моханнад Ассири («Аль-Ахли»), Мохаммед Аль-Сахлави («Аль-Наср»), Фахад Аль-Муваллад («Леванте», Испания).

ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫ

Орусия курама командасы финалга чемпионаттын кожоюну катарында түздөн-түз катышууга укук алган. Команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов.

Эң башкы үмүт арткан оюнчу Александр Головин. Черчесовдун командасында мыкты футболчулар бар.Бирок Глушаков кирбей калгандан кийин Тарасов, Мамаев, Швец орундары да талашып келишет.

Орусия командасынын курамы:

Дарбазачылар: Игорь Акинфеев (ЦСКА, Москва), Владимир Габулов («Брюгге», Бельгия), Андрей Лунев («Зенит», Санкт-Петербург);

Коргоочулар: Владимир Гранат («Рубин», Казань), Сергей Игнашевич (ЦСКА), Федор Кудряшов («Рубин»), Илья Кутепов («Спартак», Москва), Андрей Семенов («Ахмат», Грозный), Игорь Смольников («Зенит»), Марио Фернандес (ЦСКА);

Жарым коргоочулар: Юрий Газинский («Краснодар»), Александр Головин (ЦСКА), Алан Дзагоев (ЦСКА), Александр Ерохин («Зенит»), Юрий Жирков («Зенит»), Роман Зобнин («Спартак»), Далер Кузяев («Зенит»), Антон Миранчук («Локомотив», Москва), Александр Самедов («Спартак»), Денис Черышев («Вильярреал», Испания);

Чабуулчулар: Артем Дзюба («Арсенал», Тула), Алексей Миранчук («Локомотив»), Федор Смолов («Краснодар»).

«А» группасынын мачтарынын календары:

14.06.2018

Орусия - Сауд Арабия (18:00)

15.06.2018

Египет – Уругвай (15:00)

19.06.2018

Россия – Египет (21:00)

20.06.2018

Уругвай - Сауд Арабия (18:00)

25.06.2018

Уругвай - Россия (17:00)

25.06.2018

Сауд Арабия – Египет (17:00)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!