​31 жаштагы футболчу түшүндө жан берди

​31 жаштагы футболчу түшүндө жан берди
6-Март 2018, Шейшемби, 11:14

Италия курама командасынын коргоочусу Давиде Астори 31 жашында каза болду. Атактуу футболчу уктаган бойдон ойгонбой калгандыгын “Football Italia” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Италия курама командасынын коргоочусу жана «Фиорентины» футбол клубунун капитаны Давиде Астори Италия чемпионатынын 27 туру алкагында «Удинезе» командасы менен беттешүүгө Удине шаарына келген. Ал мейманканада кечинде уктаган боюнча ойгонгон эмес. Эртең мененки тамактанууга келбеген футболчуну кесиптештери кабатыр болушуп, телефон чалышкан. Телефонго да жооп болбогондон кийин бөлмөсүно келишкенде эчак жан берген болот. Алдын-ала маалыматтарга караганда футболчу түшүндө каза болгон. Футболчунун өлүм себеби азырынча айтыла элек. Италия басма сөз каражаттары уктап жатып каза болгондугун жана жүрөк токтоп калышы мүмкүн экендигин жазышууда.

«Фиорентины» жана «Удинезе» футбол беттешүүсү болбой калган. Мындан тышкары алдыдагы оюндаржылдырылган. «Фиорентины» футбол клубунун капитаны Давиде Астори 14 беттешүүгө катышып,эки гол киргизген.Мурдагы сезондо сезондо 27 оюнга катышып,бир гол менен айырмаланган. Ал эми 2012-жылы москвалык “Спартак”командасына өтүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бирок жыйынтыгында келишим ишке ашпай калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!