Уланбек Эгизбаевдин келинчеги Сапаргүл элди ыйлатты

Уланбек Эгизбаевдин келинчеги Сапаргүл элди ыйлатты
10-Ноя. 2018, Ишемби, 13:08

Кыргыздын кыйын журналисти, аз бирок саз жашаган Уланбек Эгизбаев кыргыз журналистикасында легендага айланды десек болот. Аз жашаса да кыргыз журналистикасына чоң жаңылык киргизип кетти.

Ал жайында Ысык-Көлдө эс алып жүрүп каза болгондон кийин анын ушул кезге чейин жасаган эмгеги чоң бааланды. Өлөөрүн сезгендей ал: “Кыргыз бирин-бири өлгөндө гана өлөрчө мактайт. Неге тирүүлүктө оозубуздан жылуу сөз чыкпайт?” - деп жазганы фейсбук баракчасында калды. Анын акыркы фейсбук баракчасындагы жазганы Ысык-Көлдө эс алып жүрүп: “Скутердин 5 мүнөттүк ижара акысы 500 сом экен. Бул 15 миң сом айлыкка иштеген адамдын бир күндүк маңдай тери. Кымбат эмеспи?” - деп жазган экен. Ал кайда болсо да журналистикалык иликтөөлөрдү жүргүзүп келчү. Жакында Улан Эгизбаевдин келинчеги Сапаргүл Абдинабиева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына дагы бир пост жазып, элди бир сыйра ыйлатып алды. Анын жазгандарын өзгөртүүсүз беребиз:

Бир чети абдан кубандырган, бир чети журоктогу боштукту чымчып өткөн кабар. Дегеним, Улан дагы бир эл аралык абройлуу сыйлыкка ээ болду. Бул «David burke» атындагы дүйнөдөгү атактуу журналисттерге берилчү сыйлык. Мындан мурдараак Кыргызстандын «Эрдик» медалын, аны улай «Улут абийири» наамын да алды эле. Өзү болсо сыйлыктарын майлап, жетине албай сүйүнмөк экен...

Сенин таза абийириңе, көптөр жасай албаган эрдигине, икая сыяктанган кыска-нуска өмүрүңө баа берип да, таң калып да бүтө албайм. Кыргыз журту да мен сыяктуу сенин аз-саз өмүрүңө шүгүр кылып, Куран окуп турат. Сыйлыктарың кут болсун, Улан!

Сапаргүлдүн жазганына кыргыз эли Уландын өлгөнүнө дале кейип атканын билдирип жатышты. Улан менен Сапаргүл былтыр баш кошушкан. Жакында Сапаргүл уул төрөдү,бирок Уландын уулун көрбөй кеткени, алдыда дагы чоң пландары ишке ашпай калгандыгы өкүнүчтүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)