​Самбо кубогунда спортчулар эки күмүш тагынды

​Самбо кубогунда спортчулар эки күмүш тагынды
27-Март 2017, Дүйшөмбү

Самбо кубогунда спортчулар эки күмүш тагынды

24-26-мартта Россиянын Москва шаарында самбо боюнча “Мемориал А.Харлампиев-2017” деген аталышында дүйнө кубогу болуп өттү. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мелдеште 12 комплект медаль ойнотулуп, жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 2 коло медаль тагынды.

Маалыматка ылайык, 52 килограмм салмактагы категорияда спортчу Руслан Жаныбек уулу жарым финалда россиялык Андрей Кубарковго жеңилип, коло байге үчүн беттеште Беларусиянын спортчусу Виталий Сермяжкону жеңип алды.

74 килограмм салмакта Салмоорбек Мамбетжан уулу коло байге үчүн беттеште түркмөнстандык Касым Популовду жеңилүү ызасын тартты.

68 килограмм салмакта Артур Те финалда Владислав Саяпин бир упай артыкчылыгында жеңилип, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 82 килограмм салмакта Жамалбек Асылбек уулу өз салмагында күмүш тагынды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!