Бильярдчы Дастан Лепшаков күмүш тагынды

Бильярдчы Дастан Лепшаков күмүш тагынды
17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков бүткүл дүйнөлүк бильярд мелдешинде күмүш байгени утуп алды. Мелдеш 11-15-апрель күндөрү Россиянын Югорск шаарында өткөн.

Маалыматка ылайык, Лепшаков финалдык оюнда россиялык Иосиф Абрамов менен кезиккен. Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 5:5 упай менен аяктап, чечүүчү оюнда Абрамов күчтүүлүк кылып, алтын байгени утуп алган. Ал эми кыргызстандык спортчу 2-орунду алды.

Бул мелдешке 19 мамлекеттен 79 бильярдчы катышып, Кыргызстандан 10 оюнчу катышкан. Алардын арасында Ызатбек Ратбеков жана Азиз Мадаминов жарым финалга чейин чыгып, 5-8 орунга илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!