Балбандар Болгарияда өтчү мелдешке катышат

Балбандар Болгарияда өтчү мелдешке катышат
29-Март 2017, Шаршемби

8-9-апрелде кыргызстандык балбандар грек-рим боюнча Болгариянын Русе шаарында өтө турган «Dan Kolov Nikola Petrov» эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган турнирге Кыргызстандан 12 спортчу, 1 башкы машыктыруучу, 1 калыс катышмакчы.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке катышууда Жаштар иштери, дене тарбия спорт мамлекеттик агенттигине караштуу спорттун олимпиада түрү боюнча дирекция тарабынан 1 млн. 5 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!