Волейболчулар Азия чемпионатында кубокту жеңди

Волейболчулар Азия чемпионатында кубокту жеңди
31-Март 2017, Жума

30-мартта Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык чемпионатынын кубогун жеңип алды. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мальдив аралдарында өткөн волейбол боюнча Азия чемпионатынын аймактык финалында кыргызстандык волейболчулар Түркмөнстан менен беттешип, оюндун жыйынтыгында 3:1 эсебинде жеңип, кубокту утуп алды.

Жыйынтыгында, 1-орунга Кыргызстан, 2-орунду Түркмөнстан, 3-орунду Непал, 4-орунду үй ээлери болгон Мальдив спортчулары ээ болгон.

Белгилей кетсек, Түркмөнстан 2015-жылы Азиянын аймактык чемпионатында жеңишке жетишкен. Ал эми кыргызстандык курама команда аталган турнирде 2016-жылы вице-чемпион болгон. Бул жолкусунда Кыргызстандын курама командасы алгачкы жолу Азия чемпионатынын аймактык Кубогун жеңип алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!