Кечээ, 4-апрелде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо АФК-2017 - Азия футбол конфедерациясы кубогунун 2-турдагы оюндары өттү.
Футболдук беттеш Бишкектин “Дордой”, Оштун “Алай” командасынын арасында өтүп, жыйынтыгында “Дордой” командасы 1:0 эсебинде “Алай” командасын жеңип алды.
Буга чейин оюндун биринчи турунда кыргызстандык эки команда “D” тайпасында “Дордой” Тажикстандын “Истиклол” командасынан (0:2), “Алай” Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасынан (1:2) эсебинде жеңилип калган.
Белгилей кетсек, АФК кубогу - Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.