Алтайдан алтын менен кайтышты

Алтайдан алтын менен кайтышты
19-Апр. 2017, Шаршемби

Кыргызстандык балбандар Алтай крайында өткөн мелдеште алтын жана коло тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-9-апрелде Алтай аймагындагы Барнаул шаарында Раффи Исраевяндын жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча II чемпионат өттү.

Мелдешке Казакстан, Кыргызстан мамлекеттеринен, Россиянын Алтай крайы, Тюмен, Новосибирск, Кемеров, Томск облусунан келген спортчулар катышты.

130 кг салмактагы категорияда кыргызстандык балбандар Миляс Марков алтын тагынса, Арам Акопян 98 кг салмактагы категорияда коло тагынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!