Кечээ, 18-апрелде “АФК кубогу -2017” кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандык “Дордой” жана түркмɵнстандык “Алтын Асыр” командаларынын арасында футболдук беттеш өткөрүлдү.
Беттештин жыйынтыгында түркмɵнстандык “Алтын Асыр” командасы 2:0 эсебинде жеңилсе, ал эми “Алай” командасы Дүйшөмбү шаарында тажикстандык “Истиклол” менен кез келип, 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Клубдар арасындагы оюндун үчүнчү турунун жыйынтыгы боюнча “Алтын Асыр” жана “Истиклол” 7 упайдан ээ болуп, тайпада алдыңкы катарда турушат. “Дордой” үч упай менен үчүнчү катарда болсо, “Алайдын” упай алган жок.
Эми кийинки оюн 3-майда өтөт. Мында “Алай” командасы Ошто “Истиклол” командасын кабыл алса, ал эми “Дордой” Түркмөнистанда “Алтын Асыр” менен беттешет.
Белгилей кетсек, АФК кубогу - Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.