​Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты болду

​Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты болду
20-Апр. 2017, Бейшемби

Кечээ, 19-апрелде Бишкекте “Газпром” спорт комплексинде “Open Championship Grappling ADCC Kyrgyz Republik” боюнча Кыргызстандын грэпплинг чемпионаты өттү.

Ага Кыргызстандын 150дөн ашык спортчусу, 16 мушкердик клубу катышты.

КР грэпплинг ADCC федерациясынын президенти Кенжебек Чекиров белгилегендей, грэпплинг – бул универсалдуу күрөш, ал күрөштүн бардык өкүлдөрүнө беттешүү мүмкүндүгүн берет.

“Чемпионат 1 күн өттү. Мындан тышкары, биринчиликтин алкагында грэпплинг, ММА, самбо, салгылашуу боюнча Азиянын жана дүйнөнүн чемпион-мушкерлеринин 15 мүнөттүк таймашы болду. Мелдештер жеңишке чейин уланды”, -деди ал.

Грэпплинг боюнча мелдештин жыйынтыгында Адилет Мусаев 76,9 кг салмактагы категориясында, Бексултан Өмүрзаков, (87,9 кг) Узак Садырбек уулу (99 кг), Курманбек Адиев (99 кг жогору) салмакта чемпион болушу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!