​Айсулуу Тыныбекова Бакудагы мелдешке катышат

​Айсулуу Тыныбекова Бакудагы мелдешке катышат
25-Апр. 2017, Шейшемби

Азербайжандын Баку шаарында өтө турган Ислам тилектештигинин IV оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер боюнча курама командасынын спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча мелдеш 19-21-май күндөрү Гейдар Алиев атындагы спорттук аренада старт алат.

Кыргызстандын эркин күрөш боюна кыз-келиндер курама командасы:

Айсулуу Тыныбекова - 58 кг чейин

Мээрим Жуманазарова - 69 кг чейин

Айпери Медет кызы - 75 кг чейин

Нурбек Изабеков - башкы машыктыруучу

Ислам тилектештигинин IV оюндарына оюндары 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Спорт оюндарынын 21 түрүнөн 49 мамлекеттин спортчулары күч сынашмакчы. Кыргызстандан бул оюнга 51 спортчу катышмакчы.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!