​Нурмагомедовдун кийинки мелдеши айтылды

​Нурмагомедовдун кийинки мелдеши айтылды
14-Март 2019, Бейшемби, 13:01

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовун кийинки мелдеши сентябрь айында болот. Бул тууралуу атактуу мушкер спорт баяндамачы Азамат Бостановго менен болгон маегинде билдирген. Ал инстаграм баракчасына “Хабиб Нурмагомедов кийинки мелдеши сентябрь айында өтөт”,- деп жазды.

Анда Хабиб “ Мен Зубайра Тухугов жана Абубакар Нурмагомедов болуп, сентябрь айында октагонго чыгабыз бирок учурда кимдер менен мелдешке чыгаарыбыз аныктала элек”,- деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 27 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!