​Жылдын эң күлкүлүү, акылга сыйбас голу (видео)

​Жылдын эң күлкүлүү, акылга сыйбас голу (видео)
15-Март 2019, Жума, 13:52

Жылдын эң таң калыштуу, акылга сыйбас голу Англия лигасынын 4-беттешүүсүндө болду. Анда дарбазачынын артына жашынган футболчу топту кайра кайрып, гол киргизди.

Мындай гол Англиянын “Карлайл Юнайтед-Ноттс Каунти” командаларынын ортосундагы болду. Футболчу Халлам Хоуп байкатпай дарбазачынын артына жашынап калган. Качан гана дарбазачы топту тосуп,тебээр алдында Халлам Хоуп ыкчамдык менен артынан келип, топту кайрып,гол киргизди.


Англиянын“Карлайл Юнайтед-Ноттс Каунти” командаларынын беттешүүсү 3:4 эсебинде “Карлайл Юнайтед” жеңиши менен аяктаган. Ал эми бул акылга сыйбаган гол спорт дүйнөсүнүн күн тартибинде жана социалдык тармактарда тартышылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР