​Жөө күлүк Усэйн Болт миллиондорун эмне кылат?

​Жөө күлүк Усэйн Болт миллиондорун эмне кылат?
23-Март 2019, Ишемби, 12:19

Жөө күлүк Усэйн Болт миллиондорун эмне кылат?

МИРБЕК КУМАКОВ

23-Март 2019, Ишемби

Ямайкалык легендарлуу жөө күлүк, жеңил атлетика боюнча олимпиаданын 8 жана дүйнөнүн 11 жолку чемпиону Усэйн Болт миллиондорун эмне кылууда?

Жөө күлүк 2016-жылдыга Рио Олимпиадасындагы жеңишинен кийин бардык учурдагы жана калктардын легендарлуу спортчусуна айланган. Бул да бекеринен эмес.

Ал 100 жана 200 метрге жүгүрүү боюнча Олимпиадалык алты наамдын ээси. Курама эстафеталарда Пекин, Лондон жана Риодо биринчиликти камсыз кылган.

ЖАРЫШТЫГЫ КИРЕШЕЛЕРИ.

Ал эми мелдештеги сыйлыктары да бир кыйла. Бриллиант лигасындагы ар бир чыгышы 10 миң доллардан башталып, жеңиштери 400 миңге чейин көтөрүлөт.

ЖАРНАМАДАН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР.

Болттун негизги кирешеси жарнамадан түшөт. 2002-жылдан бери спорт кийимдерин чыгарган “Puma” компаниясы менен келишим түзгөн. Соңку жылы эле компания жөө күлүккө 10 миллион доллар төлөгөн. “Puma” компаниясынан тышкары саат чыгаруучу Hublot, Gatorade жана Virgin Media сыяктуу компаниялары менен келишими бар.

"Форбс" журналынын акыркы маалыматы боюнча Болт спорттон тышкары кошумча кирешеси 2,5 миллион долларды түзгөн.

КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИ

Атактуу жөө күлүк каражаттарын эс алууга же кымбат автоунаа сатып алууга жумшай бербейт. Ал дайыма өзү окуган мектебине спорттук шаймандар менен камсыз кылып турат. Ал эми мектептин оңдоп-түзөө иштерине 1,3 миллион доллар жумшаган.

Мындан тышкары көптөгөн кайрымдуулук иштерине катышып турат. Шервуд медициналык борборуна 4 миллион доллар жардам берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, ямайкалык легендарлуу жөө күлүк, 8 жолку олимпиада 11 ирет дүйнө чемпиону Усэйн Болт 2017-жылы Лондон дүйнө чемпионаттынан кийинжеңил атлетка боюнча спорт менен коштошкон болчу. Андан кийин ал бир канча жолу өзүн футболдо сынап көрөөрүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду