​Алты жашында атасындай акча табат (видео)

​Алты жашында атасындай акча табат (видео)
12-Апр. 2019, Жума, 14:57

Орусиянын көркөм муз боюнча чемпиону Евгений Плющенконун уулу Александр алты жашында канча киреше табаары белгилүү болду. Бул тууралуу Sports.ru сайты жазууда.

Маалыматка ылайык алты жаштагы спортчу он миллион рублдан ашык киреше табат. Александрдын кирешелери тууралуу спортчунун апасы, продюсер Яна Рудковская айтып берген. Анын айтымында алты жаштагы көркөм муз боюнча спортчунун жарнамалык келишимдери бар. Мындан тышкары ал байма-бай көркөм музтебүү шоуларына катышып турат.

Яна Рудковская “Мен баламдын бул спортко баруусун каалаган эмесмин. Ал өзү эле тандап алды. Бизге уулубузду хоккей же футболго бергиле деп кеңеш беришкен. Спорттун ал түрүндө киреше көп болот. Бирок, Александрдын тандоосу ушул болду” деди

Мындан тышкары алты жаштагы спортчу багуучусу жана айдоочусунун айлыктарын өзү төлөгөнүн, оюнчук жана керектүү нерселерди өзү сатып алаарын кошумчалаган.

Видеону бул жерден көрүүгө болот:https://www.youtube.com/watch?v=ZLVu_N77HaI

Алты жаштагы спортчунун атасы Евгений Плющенко — олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку, Европанын жети жолку чемпиону болгон. 2009-жылы продюсер Яна Рудковская менен үйлөнүп, балалуу болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун ачылыш аземине катышты
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты