Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти

Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
18-Апр. 2019, Бейшемби, 15:23

Египеттик футболчу, англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах башкы машыктыруучу Юрген Клопп менен чатакташа кетти. Бул тууралуу AS агентиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык Салах “Ливерпуль” футбол клубунун жетекчилигине бул сезондун аягына чейин командадан кетээрин билдирген.

26 жаштагы египеттик футболчунун “Ливерпулдан ” кетүү себеби башкы машыктыруучу Юрген Клопп менен келишпестиги айтылууда. Бирок, чатакташуунун себептери ачык айтылган жери жок. Алдын-ала маалыматтарга караганда клубдун жетекчилиги атактуу футболчунун алып калууга жана бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылат.

Мухаммед Салах “Ливерпуль” командасында 2017-жылдан бери ойноп келатат. Атактуу чабуулчунун келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, египеттик атактуу футболчу Англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу аталган. Былтыркы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 52 матчка катышып, 44 гол жана 15 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Ал эми быйылкы сезондо45 беттешүүгө катышып, 22 гол киргизген. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына татыктуу болгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Президент:
Президент:"Энергетика тармагы ИДПнын 7 пайызын камсыздайт"
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө