​Кыргызстандык мушкерлер UFC мелдешинде утулуп калышты

​Кыргызстандык мушкерлер UFC мелдешинде утулуп калышты
22-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 10:31

Санкт-Петербург шаарында Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун экинчи FightNight 149 мелдешинде октагонго чыккан кыргызстандык мушкерлер Рафаэл Физиев менен Антонина Шевченко жеңилип калышты.

UFC уюмунун турнирине алгачкы жолу катышкан Рафаэл Физиев дагестандык каршылашы Магомед Мустафаев менен күч сынашып, биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилди.

Ал эми UFC Fight Night 149 турниринин алкагында кыз-келиндер арасындагы беттешке катышкан Антонина Шевченко америкалык мушкер Роксанн Модаффери менен үч раунд толук беттешип, жыйынтыгында калыстардын чечими менен утулуп калды.

Антонина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында UFC турниринде алгачкы беттешин өткөрүп, жеңишке жеткен. Каршылашы Модаффери 23 мелдешти утуп, 15 ирет жеңилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!