​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары (сүрөттөр)

​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары (сүрөттөр)
26-Апр. 2019, Жума, 11:19

Футболдо аталар жана балдары миллиондогон күйөрмандарды кубандырып келет. Бүгүн биз атасынын жолун жолдоп, футбол талаасында ойноп жүргөн ата-балдарды чогултуп көрдүк.

МАКСИМ ГУЛЛИТ

Нидерланд курама командасы менен 1988-жылы Европа чемпиону болгон Руд Гуллиттин 17 жашындагы уулу профессионалдык футболдо ойноп жатат. Ал Нидерланд чемпионаттынын биринчи дивизионунда «АЗ Алкмар» командасында ойной баштады.

Руд Гуллит спорт карьерасында Голландия атынан («Харлем», «Фейеноорд»жана «ПСВ»), мындан тышкары Италия үчүн («Милан»жана «Сампдория») Англия атына («Челси») ойногон. Голландия курама командасы менен 66 беттешүүгө катышкан. Ал эми 1987-жылы “Алтын топ” сыйлыгына татыктуу болгон.

ЖУАН МЕНДЕС

Бразилия курама командасынын чемпиону Роналдиньонун 14 жаштагы уулу Жуан Мендес "Крузейро" футбол клубунда ойнойт.Футболчу U-14 командасында мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, келишим түзүүгө жетишкен. Эң кызыгы жаш футболчу башында легендарлуу футболчунун баласы экендигин билгизбей, ойноп жүргөн.

ЛУКА ЗИДАН

Белгилүү франциялык футболчу Зинедин Зидандын экинчи уулу Лука Франциянын жаштар курама командасында ойнойт. 15 жаштагы Лука Зидан мадриддик “Реалда” тарбияланат жана келечекте көптү үмүттөндүргөн дарбазачы болуп эсептелет. Ал эми Зидандын биринчи уулу Энцо да “Реалда” тарбияланат. Ал 15 жашка чейинкилер арасында Испания курама командасынын курамына киргени менен профессионалдык карьерасында Франция курама командасынын формасын кийүү тууралуу чечим чыгарган.

ДЖОВАННИ СИМЕОНЕ

Аргентина курама командасы менен 3 жолу дүйнө чемпиону болгон (1994, 1998, жана 2002-жылдар) Диего Симеоненин уулу Джованни атасыныны жолун улап, футбол ойноп келүүдө. Джованни «Ривер Плейт» клубунда ойноп, биринчи голун 2013-жылын 8-сентябрда киргизген. Ал эми 2015-жылы Аргентинанын жаштар курамы менен Түштүк Америкада чемпиондукту жеңген. Бул команда менен 9 беттешүүгө катышып, 9 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Рыскелди Момбеков алтын кол  саатын «фанатына» чечип берди (видео)
Рыскелди Момбеков алтын кол саатын «фанатына» чечип берди (видео)
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
​“Галатасарай” Түркиянын супер лигасынын чемпиону болду
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы  менен жолугушту
Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
Рамазандагы Умра амалын аткаруу
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
​20-май: Доллардын наркы жогорулады
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Ош: жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 32 жай табылды
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты