​Роналду 17 миллион евролук темир тулпарсыз калды

​Роналду 17 миллион евролук темир тулпарсыз калды
3-Май 2019, Жума, 11:31

Португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң кымбат – “Bugatti La Voiture Noire” автоунаасын сатып алгандыгы жалган болуп чыкты. Бул тууралуу атактуу футболчунун өкүлдөрү TMZ Sports сайтына кабарлашты. Маалыматка ылайык Роналду дүйнөдөгү эң кымбат – “Bugatti La Voiture Noire” автоунаасына 17 миллион еврога сатып алгандыгы тууралуу 1-майда батыштын ЖМК жазып чыккан. Анда унаанын кыймылдаткычынын кубаттуулугу 1500 аттын күчүнө барабар, ал эми ылдамдыгы саатына 420 чакырым экендиги айтылган.

Бирок, бул маалыматты Криштиану Роналдунун өкүлү четке какты.

“Voiture Noire” модели биринчи жолу 2018-жылы Женевада көргөзмөдө сунушталган. Учурда дагы эле ишке ашыруу баскычында турат. Бул автоунааны 2021-жылдары сатыкка чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!