​“Ливерпуль” - “Барселонанын” күлүн сапырып (4:0), финалга чыкты

​“Ливерпуль” - “Барселонанын” күлүн сапырып (4:0), финалга чыкты
8-Май 2019, Шаршемби, 10:08

Чемпиондор лигасынын 1/2 финал алкагындагы жооптук беттешүүдө «Ливерпуль» менен «Барселона» командалары каршылашып, “Ливерпуль” футболчулары 4:0 эсебинде биринчилерден болуп финалга чыкты.

Англиянын "Энфилд" стадионунда өткөн беттешүүгө “Ливерпуль” командасынын лидерлери Мухаммед Салах жана Роберто Фирмино катыша алган жок. Бирок, ага карабай керемет оюндун 7 мүнөттүндө эсепти англиялык футболчу Дивок Ориги ачып берди. Артынан “Ливерпулдун” жарым коргоочусу Жорджиньо Вейналдум удаасы менен эки гол киргизип, айырмалана алды.(54 жана 56 мүнөттө). Акырында 79 мүнөттө Дивок Ориги дагы бир гол менен эсепти жапты.

Биринчи жарым финалда испаниялыктар өз талаасында 3:0 эсебинде жеңишке жетишкен эле. Натыйжада Юрген Клопптун командасы Чемпиондор лигасында биринчилерден болуп финалына чыкты.

Ал эми экинчи финалист болсо бүгүн аныкталат. Биринчи беттешүүдө голландиялык “Аякс” командасы англиялыктардын “Тоттенхэм” командасын 1:0 эсебинде жеңип алышкан.

Чемпиондор лигасынын финалы 2019-жылдын 1-июнунда өтөт. Бул бүйүрдү кызыткан беттешүү Мадрид шаарынын "Ванда Метрополитано" стадионда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!