​Месси жана Роналду соңку 6 жылда биринчи жолу финалдан куру калышты

​Месси жана Роналду соңку 6 жылда биринчи жолу финалдан куру калышты
8-Май 2019, Шаршемби, 12:41

Биринчи жолу Чемпиондор лигасында 2013-жылдан бери беш жолку “Алтын топ” сыйлыгынын ээлери Месси менен Роналду финалга жетпей калышты.

Криштиану Роналду "Ювентус" командасы менен “Аякс” клубуна(1:1, 1:2) чейрек финалда жеңилип калышкан. Ал эми Лионель Месси “Барселона” командасы менен “Ливерпулдан” (3:0, 4:0) жарым финалда утулуп калды.

Роналду “Реал” командасы менен Чемпиондор лигасынын акыркы 5 жылда : 2014, 2016, 2017 жана 2018-жылдары жеңип алган. Ал эми Месси болсо, 2015-жылы финалга чыккан. 2012/13 сезондо финалда "Бавария" жана дортмундстардын "Боруссия" (2:1) командасы менен беттешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!