​Месси машыгууга абдан кайгылуу келди (видео)

​Месси машыгууга абдан кайгылуу келди (видео)
15-Май 2019, Шаршемби, 10:23

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси “Ливерпулдан” жеңилгенден кийин машыгууга абдан капалуу келди. “Марса” басылмасынын маалыматына караганда “Барселона” командасынын капитаны журналисттердин алдына сакал-мурутун алып, жаңы имиджи менен абдан кайгылуу чыкты. Каталония командасынын көптөгөн футболчулары маанайлары жок, бири-бирине олутту карашап, жада калса тамашалары да жоголуп калгандыгы байкалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Барселона” биринчи беттешүүдө өз талаасында 3:0 менен жеңишке жетишсе, жооптук оюнда 4:0 эсебинде “Ливерпулдан” утулуп калышкан.

Видеону бул жерден көрүүгө болот:https://www.youtube.com/watch?v=WKe0j7DJ_oI

“Барселона” бул сезондо Испания чемпиону болду. Мындан тышкары команда 25-майда Испания кубогу финалында “Валенсия” командасы менен беттешүүсүкүтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР