​Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды

​Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды
14-Июнь 2019, Жума, 11:48

Спортту изилдөөчү CIES Football Observatory агенттиги дүйнөнүн эң кымбат футболчуларын атады. Агенттиктин версиясы боюнча "ПСЖ” менен Франция курамасынын чабуулчусу Кильян Мбаппе 252 миллион евро менен биринчи сапка чыкты. Экинчи орунда "Ливерпуль" чабуулчусу Мухамед Салах (219,6) жана үчүнчү орунда "Манчестер Сити" футболчусу Рахим Стерлинг (207,8) аталды.

Ал эми “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси “Барселона” клубунун капитаны Лионель Месси төртүнчү орунга чыкты(167,4).

“Алтын топ” сыйлыгынын дагы бир 5 жолку ээси “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 20-оруга илинди (118,1).

Толук баштапкы 10 лидер төмөнкүдөй:

1. Кильян Мбаппе (Франция, "ПСЖ") - 252,0 миллион евро

2. Мухаммед Салах (Египет, "Ливерпуль") - 219,6

3. Рахим Стерлинг (Англия, "Манчестер Сити") - 207,8

4. Лионель Месси (Аргентина, "Барселона") - 167,4

5. Джейдон Санчо (Англия, "Боруссия" Д) - 159,4

6. Садьо Мане (Сенегал, "Ливерпуль") - 157,8

7. Харри Кейн (Англия, "Тоттенхэм") - 155,2

8. Роберту Фирмину (Бразилия, "Ливерпуль") - 144,2

9. Антуан Гризманн (Франция, "Атлетико") - 143,8

10. Лерой Сане (Германия, "Манчестер Сити") - 137,1.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!