​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү

​Эл аралык Олимпиада комитети 3 млрд долларга келишим түздү
26-Июнь 2019, Шаршемби, 10:35

Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) демөөрчүлөр менен 3 млрд долларга келишим түздү. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды.Маалыматка ылайык Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) менен Coca-Cola жана Кытайладын эң ири сүт азыктары China Mengniu Dairy компаниясы 3 млрд долларга келишим түздү. Бул келишим 12 жылга чейин түзүлүп, жарнамалык макулдашуулар Паралимпиада жана Жаштар оюндарын да ичине камтыйт.

Эл аралык Олимпиада комитети (МОК)менен 1928-жылдан бери демөөрчүлүк кылып келаткан атактуу суусундук компаниясы келишимдин так суммасын атоодон баш таркан. Ал эми Financial Times басылмасы мунун 3 млрд доллар болгондугун жазып чыкты.

Томас Бах “Бул узак мөөнөттүү келишим олимпиадалык оюндардын актуалдуулугун жана туруктуулугун айгинелейт. Спортчуларды биримдикке чакырып, духун көтөрөт жана бул өнөктөшүк бүт дүйнөдөгү Олимпиадалык баалууулуктарды жайылтууга көмөк берет”деди

Эл аралыкОлимпиада комитетинин (МОК)башка демөөрчүлөрү Intel, Samsung, Visa, Toyota, PanasonicжанаAlibaba болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР