Кыргыз балбандары Азия чемпиондугуна даярданууда

Кыргыз балбандары Азия чемпиондугуна даярданууда
28-Июнь 2019, Жума, 11:11

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама команда Азия чемпионатына даярданып жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Азия чемпионаты 9-июлдан 14-июлга чейин Чонбури (Таиланд) шаарында өтөрү белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 18 бала Бишкек шаарынын спорт залдарында машыгууда. Спортчулардын машыгуусу үчүн Спорт агенттигинин олимпиадалык дирекциясы тарабынан 396 миң сом каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР