​Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгын алууга татыктуу

​Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгын алууга татыктуу
28-Июнь 2019, Жума, 16:11

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгына аргентиналык футболчу, “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси татыктуу. Бул тууралуу Бразилия футболунун легендасы Ривалдо айтып чыккандыгын “Mundo Deportivo” басылмасы жар салды. Атактуу футболчунун пикири боюнча 2019-жылдын жыйынтыгында “Барселона” клубунун капитаны Лионель Месси татыктуу болууда.

Ривалдо “Месси “Алтын топ” сыйлыгын алуу үчүн баардыгын жасады. Бул жеке ийгиликтин сыйлыгы да...Месси быйылкы сезондо татыктуу болду” деди

Быйылкы сезондо Месси 34 клубдук беттешүүлөргө катышып, 36 гол киргизген.

Быйылкы жылкы талапкерлер төмөндөгүдөй:

1.Лионель Месси («Барселона»): 36 гол, Лигадагы коэффициенти 2 - 72 упай;

2.Килиан Мбаппе (ПСЖ): 32 гол, Лигадагы коэффициенти 2 - 64 упай;

3.Фабио Квальярелла («Сампдория»): 26 гол, Лигадагы коэффициенти 2 - 52 упай;

4.Мбайе Дианье («Галатасарай») 30 гол, Лигадагы коэффициенти1,5 - 45 упай;

5.Роберт Левандовски («Бавария») 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

6.Пьер-Эмерик Обамеянг («Арсенал») 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

7.Садио Мане («Ливерпуль») 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

8.Кшиштоф Пёнтек («Милан»): 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

9.Дуван Сапата («Аталанта») 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

10.Николя Пепе («Лилль») 22 гол, Лигадагы коэффициенти 2 - 44 упай;

11.Мухамед Салах («Ливерпуль»): 22 гол, Лигадагы коэффициенти2 - 44 упай;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР