​Флойд Мейвезер биринчи жолу нокаут түштү (видео)

​Флойд Мейвезер биринчи жолу нокаут түштү (видео)
10-Июль 2019, Шаршемби, 12:08

Беш салмактагы дүйнө чемпиону, профессионалдык рингдеги жеңилбес боксчу Флойд Мейвезер баскетбол матчында кулап түштү. Мейвезердин жерге жыгылып калышын батыштын ЖМКлары тамашалап "Биринчи жолу нокаут кулады" деп жазышты.

Флойд Мейвезер кайрымдуулук алкагында өткөрүлгөн баскетбол мелдешинде Роба Гронковскийдин командасына каршы ойноду.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!