​Конор Хабиб менен таймашта 30 млн доллар тапкан

​Конор Хабиб менен таймашта 30 млн доллар тапкан
12-Июль 2019, Жума, 11:16

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Forbes журналынын эң көп акча тапкандар арасына кирди. Ал бул рейтингге кирген ММА боюнча жападан жалгыз спортчу болуп 65-орунга чыккан.

Конор 2018-жылы 47 миллион доллар киреше тапкан. Forbes Конордун Хабиб менен болгон таймашта 30 млн доллар киреше тапкандыгын белгиледи. Мушкер мындан тышкары Reebok келишими аркылуу 5 миллион, жеке шарап ишкерлиги аркылуу 12 миллион доллар киреше көргөн.

Рейтингдин сап башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты. Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.

Үчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды. Бештикти футболчу Лионель Месси (127 миллион доллар) жана Британиялык музыкант Эд Ширан (110 миллион доллар) жыйынтыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!