​“Ливерпуль” УЕФАнын Суперкубогун 4 жолу жеңди

​“Ливерпуль” УЕФАнын Суперкубогун 4 жолу жеңди
15-Авг. 2019, Бейшемби, 10:23

Европанын футбол Ассоциациялары бирлигинин (УЕФА) 2018/19 сезондогу Суперкубогун англиялык "Ливерпуль" командасы 4 жолу жеңди. Стамбул шаарынын "Водафон Парк" стадионунда (43 500 орундук) Европанын эң белгилүү англиялык клубдары "Ливерпуль" – "Челси" командалары беттешип 2:2, пенальти боюнча– 5:4 эсебинде "Ливерпуль" жеңишке жетишти. Бул ийгилиги менен "Ливерпуль" 4 жолу УЕФАнын Суперкубогун жеңип алышты (1977, 2001, 2005, 2019).

УЕФАнын Суперкубогунун өзгөчөлүгү биринчи жолу беттешүүнү Стефани Фраппар башында турган аял калыстары тейледи. 35 жаштагы башкы калыс Стефани Фраппарга эки жардамчысы Мануэла Николози жана Мишель О'Нил менен кызмат көргөздү. Ал эми төртүнчү калыс катары түркиялык Жүнет Чакыр эмгектенди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!