Криштиану Роналду керээз кат жазды

Криштиану Роналду керээз кат жазды
3-Сен. 2019, Шейшемби, 11:17

Португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду мурастарын калтыруу боюнча документ даярдады. Бул тууралуу AS басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык 34 жаштагы фуболчу Лиссабондо адвокаттары менен жолугуп, документтин бөлүмдөрүн талкуулагандыгы айтылууда.

Анда португалиялык футболчунун негизги мураскору анын сүйүктүүсү Жорджина Родригес болоору белгиленген. Кокустан футболчунун көзү өтүп кетсе, анын бардык байлыгы ага калат. Криштиану Роналдунун байлыгы 300 миллион евро катарында бааланууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 12-ноябрда Родригес футболчуга кыз төрөп берип, ага Алана Мартина деген ат коюшкан. Ал эми 33 жаштагы Криштиану Роналдунун буга чейин карын энелерден төрөлгөн үч баласы бар. Алар тогуз жаштагы Криштиану-кичүүсү жана 2017-жылы июнь айында төрөлгөн эгиздер Ева жана Матео бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР