​Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарына таймашка келди

​Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарына таймашка келди
3-Сен. 2019, Шейшемби, 13:58

Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен октагонго ушул аптанын ишемби күнү чыгат. Бүйүрдү кызыткан бул мелдешке Хабиб Нурмагомедов кечээ учуп барды.

Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн таймаш Бишкек убактысы боюнча 7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү саат 2:00дө башталат.

7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтө турган Хабиб-Порье мелдешине 18 миң көрүүчүнүн келээри күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР