Хабиб Нурмагомедов UFC 242 таймашы алдында маек курду (видео)

Хабиб Нурмагомедов UFC 242 таймашы  алдында маек курду (видео)
5-Сен. 2019, Бейшемби, 11:17

Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен октагонго эки күндөн кийин чыгат. Бүйүрдү кызыткан бул мелдештин алдында Хабиб Нурмагомедов каршылашы Порье,таймаш жана жалпы даярдыгы боюнча ойлорун ортого салган.

Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн таймаш Бишкек убактысы боюнча 7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү саат 2:00дө башталат.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР