Кыргыз спортчулары тогуз медаль алып, мыкты көрсөткүчкө жетишти

Кыргыз спортчулары тогуз медаль алып, мыкты көрсөткүчкө жетишти
5-Сен. 2019, Бейшемби, 12:26

Түштүк Кореяда 30-августтан 6-сентябрга чейин өтүп жаткан жоокердик өнөр боюнча дүйнөлүк оюндарда кыргызстандык спортчулар мыкты көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасын элчи Динара Кемелова куттуктап, спорт чеберлери Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап жатканына ыраазычылык билдирди.

Жеңишке жеткен спортчулар:

-Нагира Сарбашова - эки алтын медаль (салмагы 65 килограмм);

-Мадаминбек Шаршеналы - алтын медаль (80 килограмм);

-Мирлан Эралиев - алтын медаль (70 килограммга чейин);

-Нурзат Бактыяр кызы - күмүш медаль (65 килограмм);

-Камолиддин Абдурахимов - күмүш медаль (80 килограммдан жогору);

-Элзада Момунжанова - коло медаль (55 килограмм);

-Элдияр Сексенбаев - эки коло медаль (70 килограмм).

Мушкерлер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР