Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда
16-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 10:15

Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Дүйнө биринчилигинде Токиодо өтө турган 2020 - Олимпиадага жолдомо ойнотулмакчы. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. Бул чемпионатка Кыргызстандан 22 балбан катышып жатат.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймашта кыргызстандык балбандар Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) жеңилип калышты.

15-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн балбан Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков Беларусиядан келген балбан Максим Ниходаны 6:4 эсебинде утуп алды. Андан кийин Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшүп, казакстандык балбанга жеңилди. 3-орун үчүн таймашта Шаршенбеков казак спортчусу Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот