​Роналду үйлөнүү үлпөтү тууралуу агынан жарылды

​Роналду үйлөнүү үлпөтү тууралуу агынан жарылды
16-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 11:10

Португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду апасынын кыялын ишке ашырмакчы болууда. Атактуу футболчу ITV каналына маек куруп, футбол карьерасы гана эмес сүйүктүүсү Жорджина Родригес менен үйлөнүү үлпөтү тууралуу айтты.

Криштиану Роналду “Сөзсүз, бир күнү үйлөнүү үлпөтүбүз болот. Муну айрыкчы энем абдан күтүп, кыялданып келет. Буларды бир күндө ишке ашырууга мүмкүн эмес, ошондуктан жакында болбойт”,- деди

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 12-ноябрда Родригес футболчуга кыз төрөп берип, ага Алана Мартина деген ат коюшкан. Ал эми 33 жаштагы Криштиану Роналдунун буга чейин карын энелерден төрөлгөн үч баласы бар. Алар тогуз жаштагы Криштиану-кичүүсү жана 2017-жылы июнь айында төрөлгөн эгиздер Ева жана Матео бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!