Күрөш боюнча президенттин кубогу башталды

Күрөш боюнча президенттин кубогу башталды
26-Май 2017, Жума

Бүгүн, 26-майда Чүй облусунун Арашан айылындагы ден соолукту чыңдоо комплексинде эки күнгө созулган эркин күрөш боюнча президенттин республикалык кубогу башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 2003-2004-жылы туулган өспүрүм балдар арасында 177 спортчу катышууда.

Мелдеш 14 салмактагы категорияда өтүп жатат: 23 кг 25, 27, 29, 32, 35, 38, 42, 46, 50, 54, 58, 63, 69 кг салмака чейин болмокчу.

Турнирдин ачылыш салтанатына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана башка спортчулар, машыктыруучулар катышты.

Канат Аманкуловдун айтымында, турнир "Ыйман, адеп маданият" жылынын алкагында биринчи жолу өтүүдө.

"Эркин күрөш биздин өлкөдө белгилүү спорттун түрү болуп саналат. Анткени биздин спортчулар дүйнөлүк аренада мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Жакында Азербайжанда өткөн Ислам тилектештигинин IV оюндарында биздин өлкө 54 мамлекеттин ичинен 10-орунду ээледи. Бул мелдеште биздин спортчулар 17 медаль алса, анын 12 си күрөштүн түрү боюнча алтын жана күмүш медалдарды тагынды. Бул ийгилик Кыргызстандын спорт тарыхында жакшы жетишкендик боюнча кала бермекчи”,-деди К.Аманкулов.

Жеңишке жеткен спортчуларга дипломдор, медалдар тапшырылмакчы. Андан тышкары алдыңкы орунга ээ болгон командаларга кубок тапшырылып, машыктыруучуларга сыйлыктар берилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!