Европа футбол чемпионатынын (Евро-2020) тандоо турлары оюндары аяктап, жайында боло турган финалдык баскычка 24 команда аныкталган. Буга ылайык турнирдеги тайпалык чучу кулак кармоо бүгүн Бухарест шаарында өткөрүлөт.
1-куту: Италия, Бельгия, Англия, Германия, Украина, Испания
2-куту: Нидерландия, Франция, Хорватия, Швейцария, Польша, Россия
3-куту: Португалия, Түркия, Дания, Австрия, Швеция, Чехия
4-куту: Финляндия, Уэльс жана плей-оффтон келе турган 4 команда
Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионаты 2020-жылы Европанын 12 шаарында өткөрүлөт. Алар Санкт-Петербург, Лондон, Мюнхен, Баку, Рим, Бухарест, Дублин, Копенгаген, Бильбао, Глазго, Будапешт жана Амстердам Чемпионатка 24 команда катышат.