​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады

​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады
24-Янв. 2020, Жума, 04:34

Окумуштуулар сууда сүзүү ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрү экендигин жана үзгүлтүксүз машыгуу өмүрдү узарта тургандыгын аныкташты. Бул тууралуу "Р-Спорт"агентиги жар салды.

Маалыматка ылайык бул изилдөө 32 жыл бою жүргүзүлгөн. Жалпысынан изилдөөгө 20 жаштан 90 жашка чейинки 40 миңден ашык адам катышкан. Натыйжада өлүм деңгээли тобокели күлүктөр жана жөө баскандарга караганда 50% төмөн болгон.

Түштүк Каролина университетинин профессору Стивен Блэр сууда сүзүү жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртып, физикалык чыңалууга туруштук берээрин жазып чыккан. Анын айтуусу боюнча спорттун бул түрү бардык курактагы адамдарга туура келип, өнөкөт оорулары бар адамдарга да машыгууга ылайыктуу..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР